Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:54

Кытайда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 259 адамга жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 1-февралда билдирүү таратып, бардык мамлекеттерди жер-жерлерде коронавирустун жайылышына даяр болууга чакырды. Уюмдун мындай билдирүүсү вирустан каза болгондордун көбөйгөнүнө байланыштуу болду.

Кытай бийлигинин соңку маалыматы боюнча, өпкөнүн сезгенүүсүнө алып келчү жаңы коронавирустан 259 адам өлүп, вирусту жуктургандардын саны 11 791ге жетти.

Кытайдан сырткары 25 өлкөдө коронавирустун 100дөн көп учуру катталды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кытайдан башка мамлекеттерде вирус адамдан адамга жугушу мүмкүн деп чочулап жатат.

Кытайдын Жугуштуу ооруларды дарылоо боюнча мамлекеттик лабораториясынын адистери бул илдетке каршы эмдөө каражатын тесттен өткөрүүгө кеминде үч ай талап кылынарын билдиришти.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялаган. Бул уюм жарыялаган акыркы он жылдыктагы алтынчы эл аралык маанидеги чукул кырдаал болуп калды. Буга чейин Эбола жана Зика вирустарына байланыштуу глобалдык эпидемия кырдаалы жарыяланган. (BTo)

XS
SM
MD
LG