Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Кой-Таш окуясы: Тергөө тобунун токтому мыйзамсыз деп табылды


Кой-Таш. 2019-жылдын август айы.
Кой-Таш. 2019-жылдын август айы.

Мекеме аралык тергөө тобунун Кой-Таш окуясы боюнча шектүүлөр кылмыш ишинин материалдары менен 1-февралга чейин таанышышы керек деген токтому мыйзамсыз деп табылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 31-январда чыгарганын КСДПнын Алмазбек Атамбаевди колдогон бөлүгүнүн расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Мекеме аралык тергөө тобу Кой-Таш окуясына байланыштуу козголгон кылмыш иштерине шек саналып жаткандарга материалдар менен таанышуу үчүн 1-февралга чейин убакыт берген.

Буга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Фарид Ниязов, Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаева, экс-депутат Равшан Жээнбеков нааразы болуп, билдирүү тараткан.

Анда мыйзам боюнча материалдар менен таанышууга июнь айына чейин убакыт бар экени, тергөө бир тараптуу жүрүп жатканы жана Ички иштер министрлиги мыйзам бузуп жатканы жазылган.

Былтыр 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөй адам жабыркаган.

ИИМдин маалыматына караганда «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Калайман башаламандык уюштуруу», «Барымтага алуу», «Ок атуучу куралды уурдоо же опузалап тартып алуу», «Тергөөгө каршылык көрсөтүү», «Адамды кооптуу абалда калтыруу» жана «Адамдын ден соолугуна зыян келтирүү» беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 киши кылмышка шек саналууда.

Тергөө аяктаганы, эми материалдар менен таанышуу башталганы 15-январда белгилүү болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG