Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:21

«Азаттыктын» кабарчысы «Умма» журналынын сынагында жеңди


Санжар Эралиевге ыйгарылган статуэтка.
Санжар Эралиевге ыйгарылган статуэтка.

«Азаттык» радиосунун кабарчысы Санжар Эралиев «Умма» ислам журналы мусулман аялдардын укугуна арнап уюштурган сынакта беш мыкты журналисттин бири деп табылды.

Анын адвокат Мухайё Абдураупова жөнүндөгү видеобаяны «Стереотипти жоюу» номинациясында жеңүүчү болду. Атайын статуэтка 1-февралда Бишкекте салтанаттуу иш-чарада тапшырылды.

«Умма» журналы 1-февраль - Дүйнөлүк жоолук күнүнө карата журналисттер арасында сынак уюштуруп, мусулман аялдар жана алардын укуктары жөнүндөгү макала-баяндарды тандап алышкан.

Жеңүүчүлөр «Стереотиптерди жоюу», «Мусулман аялдын позитив образы», «Тең укуктар жана мүмкүнчүлүктөр» номинациясында тандалды.

Мыкты деп табылган беш эмгектин авторлорунун катарында Мунара Боронбаева, Сагынбек Абдыкалыков, Сахира Назарова жана Арууке Абдыгулова да бар.

Дүйнөлүк жоолук күнү 2014-жылы АКШда негизделип, 114 мамлекетте колдоо тапкан.

«Умма» ислам журналы Кыргызстанда квартал сайын чыгат.

XS
SM
MD
LG