Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Кыргыз-Кытай чек арасы жабылып, аба каттамдары токтотулду


«Торугарт» чек ара бекети.
«Торугарт» чек ара бекети.

Кыргызстан Кытай менен чектешкен мамлекеттик чек араны убактылуу жаап, аба каттамдарын токтотту. Кыргызстандын аймагына коронавирустун киришинин алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб 1-февралда ушундай чечим кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө коронавирустун чыкканы боюнча такталган учур катталган жок. Бардык көзөмөл-өткөрмө жайларында, Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропорттордо санитардык көзөмөл пункттары иштеп жатат.

Кыргызстандын чек арасынан өткөн жарандарда сасык тумоонун жана курч респиратордук жугуштуу инфекциялардын белгилери жана симптомдору болсо атайын палаталарга (изолятор) жайгаштырылууда, ал жактан медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары эгерде өлкө аймагында вирус чыккан учур катталса аны жугузгандарды жаткыргыдай кылып саламаттык сактоо уюмдарында атайын палаталар даярдалды.

Буга чейин өкмөт коронавирустун келишинин алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча санитардык жана эпизоотияга каршы чараларды уюштуруу боюнча план иштеп чыккан.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында негизги кыймыл «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттеринде болот. Бул эки бекет Кытай Чыгыш жылнаамасы боюнча Жаңы жылды белгилөө учурунда жыл сайын январдын соңунан февралдын башына чейин убактылуу жабылат. Кыргыз өкмөтү Кытайда чыккан коронавируска байланыштуу бул убакытты дагы узартты. (BTo)

XS
SM
MD
LG