«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 3-февралда Чүй облусунун кээ бир тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз тоолуу райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14;
Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;
Нарында түнкүсүн -19…-24, күндүз -5…-10;
Бийик тоолуу райондордо -20…-25, күндүз -5…-10 градус болот.
Бишкек шаарында абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…+1°, күндүзгү жогорку температурасы 11…13° болот.