Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 25-февраль, 2020 Бишкек убактысы 12:27

Казакстан Ухандан 83 жаранын алып келди


Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстан Кытайдын Ухань шаарындагы 83 жаранын алып келди. Анын ичинен 80и студенттер. Алар өз өлкөсүнө дарыгерлердин коштоосунда учуп келишти. Эми алар ооруканада 14 күн карантинде болот.

Коронавируска байланыштуу Казакстан Кытайга гуманитардык жардам катары 13 тонна медициналык каражаттарды жиберди.

Соңку маалыматтарга караганда, Кытайда өпкөнүн сезгенишине алып келчү жаңы коронавирустан 304 адам өлүп, вирусту жугузгандардын саны 15 миң кишиге чамалады. 2-февралда Филиппинде 44 жаштагы адам коронавирустан каза болду. Бул биринчи жолу Кытайдан башка өлкөдө кимдир-бирөө вирустан өлгөн учур болуп калды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 1-февралда билдирүү таратып, бардык мамлекеттерди жер-жерлерде коронавирустун жайылышына даяр болууга чакырган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG