Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:28

Сербиялык теннисчи Жокович Австралияда рекордун жаңыртты


Сербиялык теннисчи Новак Жокович.
Сербиялык теннисчи Новак Жокович.

Сербиялык теннисчи Новак Жокович Австралиянын ачык чемпионатынын финалында австриялык Доминик Тимди утуп алды. Муну менен ал мурдагы рекордун жаңыртып, Австралияда «Чоң шлемге» сегизинчи жолу ээ болгон биринчи теннисчи болуп калды.

32 жаштагы теннисчи 30-январдагы жарым финалда швейцариялык Рожер Федерерди жеңип алган. Жекшембидеги финалда ал 26 жаштагы Тим менен беш айлампада (6-4, 4-6, 2-6, 6-3, 6-4) күч сынашты.

Австралиядагы жеңишин кошкондо Новак Жоковичтин «Чоң шлем» титулдарынын саны 17ге жетти. Бул эркек теннисчилер арасында рекордду колдон чыгарбай келген Рожер Федерердикинен үч титулга аздык кылат.

Бир күн мурда аял теннисчилер арасында финалдык беттеште Орусияда төрөлүп, АКШда чоңойгон София Кенин испаниялык Гарбинье Мугурусаны жеңип алып, биринчи «Чоң шлемине» ээ болгон.

XS
SM
MD
LG