Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

Лондондо жайкын тургундарга кол салган киши атып өлтүрүлдү


Лондондун кол салуу болгон району. 2-февраль, 2020-жыл.
Лондондун кол салуу болгон району. 2-февраль, 2020-жыл.

Улуу Британиянын баш калаасы Лондондун түштүк бөлүгүндө полиция жөн-жай тургундарга бычак менен кол салган бир кишини атып өлтүрдү. Британ полициясы бул окуянын террорчулукка байланышы болушу мүмкүн экенин билдирди. Стретем аймагында жекшемби күнү түш оой болгон кол салуудан бир нече адам жабыркаганы кабарланды.

«Азырынча бир нече адам бычакталганы жөнүндө маалымат бар. Окуянын чоо-жайы такталып жатат», - деп билдирди Лондон полициясы «Твиттердеги» барагы аркылуу.

Күбөлөр үч жолу ок атылганын угушканын айтып жатышат. Интернеттеги видео менен сүрөттөрдөн кол салуу болгон аймак курчоого алынганын, полициянын жана «Тез жардамдын» машинелери топтолуп турганын көрүүгө болот.

XS
SM
MD
LG