Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:38

Нарында хоккей боюнча чемпионаттын биринчи туру аяктады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын шаарында 31-январда башталган чемпионаттын биринчи айлампасы 2-февралда аяктады. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Анда үч команда күч сынашты. Белгилүү себептер менен Жумгал районунун командасы келе албай калды. Бишкек шаарынан «Дордой» жана «Кыргыз темир жолу» командасы барган. Жыйынтыгында «Нарын шумкарлары» «Кыргыз темир жолу» командасын 10:6 эсебинде утту. «Дордой» «Кыргыз темир жолу» командасын 8:0 эсебинде жеңип алса, «Нарын шумкарлары» «Дордойго» 1:15 упай менен утулуп калды.

Чемпионаттын экинчи айлампасы апрель айында Бишкек шаарында өтөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG