Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

11 жыл бою абакта өкүмсүз отурган аял сот залынан бошотулду


Аялдар абагы. Степное айылы. Иллюстрациялык сүрөт.
Аялдар абагы. Степное айылы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кылмыш ишинин материалдары жоголуп кетип, аялдардын абагында 11 жылдан бери өкүмү жок эле жазасын өтөп жаткан аял сот залынан 30-январда бошотулду. Ишти Токмок шаардык соту караган. Акыйкатчынын басма сөз катчысы Барно Сабированын «Азаттыкка» билдиргенине караганда, аял абакта 2008-жылдан бери жазасын өтөп жаткан.

- Токмок шаардык соту 2008-жылы 14-июнда Э.К. аттуу аялды күнөөлүү деп таап, 25 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми Чүй облустук соту ошол эле жылы 9-сентябрда бул чечимди жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн. Аялдын күнөөлүүлүгүн аныктаган соттун чечими болбосо да ал абакка жиберилген. Айыпталуучу 2019-жылы ишке кирген пробация мыйзамдарына ылайык, өзүнүн жазык ишин кайра кароосун өтүнүп, Токмок шаар сотуна кайрылган. Бирок анын арызы 11 ай бою каралган эмес. Ошондон улам ал бизге кайрылган, - деди ал.

Акыйкатчы аялдын өтүнүчү боюнча Башкы прокуратурага кайрылганда, аялдын жазык иши жоголуп кеткени аныкталган.

Учурда жазык ишинин жоголуп кетишине жол берген кызматкерлердин ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облустук башкармалыгы карап жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG