Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Кыргызстанда коркунучтуу вирустун белгилери катталган жок


Кытайдын Гуандунь провинциясындагы оорукана.
Кытайдын Гуандунь провинциясындагы оорукана.

Бул тууралуу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин башчысы Абдукадыр Жороев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, Кытайдан келген бардык жарандар толук көзөмөлдө турушат:

- Кытайдан келген 18 студент шаар сыртындагы атайын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жайгаштырылды. Саламаттыгы жакшы. Оорунун белгилери байкалган жок. Алар 14 күндүк инкубациялык мөөнөт учурунда изоляцияда болушат. Ал эми Кытайдын жарандарынан оорунун эч кандай белгилери табылган жок, ошондуктан үйлөрүнө жиберилген, бирок дарыгерлердин кылдат көзөмөлүндө турушат.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 28-январдан 3-февралга чейин Кытайдан Кыргызстанга 224 киши келгенин кабарлаган. Анын ичинен 24ү Кытайдын, бирөө башка мамлекеттин, калгандары Кыргызстандын жарандары. Алардын баары термосканер менен тиешелүү медициналык кароодон өтүп, эч кимисинен коронавирустун белгилери аныкталган эмес.

Ушул тапта Кытайдан келгендердин ичинен Сокулук районунун ооруканасында үч, Беш-Күңгөй айылындагы аскердик госпиталда 22 киши жатат. Баарыны абалы канааттандырарлык. Калган 189 киши Кыргызстандын аймагына коронавирустун киришинин алдын алуу боюнча республикалык штабдын чечими менен үйлөрүнө чыгарылды.

Кытайдын Ухань шаарынан тараган өпкөнүн сезгенишине алып келчү жаңы коронавирустан үч жүздөн ашуун адам өлүп, вирусту жугузгандардын саны 15 миңге чукулдады. Вирус Кытайдан башка мамлекеттерге да тез тарап жатат. Соңку эки күндө Орусияда, Улуу Британияда жана Швецияда вирусту жугузган адамдар катталды. Коронавирустун жайылышынын алдын алыш үчүн АКШ жана Австралия соңку эки аптада Кытайда болгон адамдардын өлкөгө киришине убактылуу тыюу салды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 1-февралда билдирүү таратып, бардык мамлекеттерди жер-жерлерде коронавирустун жайылышына даяр болууга чакырган. (AiN/ZKo)

XS
SM
MD
LG