Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:53

Politmer.kg: Мурдагы шайлоодогу убадалардын жарымы да аткарыла элек


2015-жылы парламенттик шайлоодо жеңип чыккан партиялар ошол кезде берген убадаларынын 20% да аткара элек.

Politmer.kg сайты жүргүзүп жаткан талдоонун баштапкы жыйынтыгы беш жыл мурунку убадалардын жарымы да аткарыла элек экенин көрсөттү. Толук баяндама 2020-жылдын апрелинде жарыяланмакчы.

Басылманын маалыматына караганда, мурдагы шайлоодо Жогорку Кеңешке өткөн партиялар көбүнчө популисттик мүнөздөгү саясий, экономикалык жана социалдык темадагы убадаларга, чакырыктарга басым жасашкан. Маданият жана экология темасына көп көңүл бурулган эмес.

Politmer.kg басылмасынын адистери партиялардын, депутаттардын жана башка аткаминерлердин убадаларын сайтка жана «YouTube» каналында жарыялап келатат.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП), «Кыргызстан», «Ата Мекен», «Республика – Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Бир Бол» партияларынан 120 депутат шайланган. (SE)

XS
SM
MD
LG