Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Азимжан Аскаровдун иши Жогорку сотто каралат


Азимжан Аскаров сотто.
Азимжан Аскаров сотто.

Өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун апелляциялык арызы 25-февралда Жогорку сотто каралат. Бул тууралуу "Бир дүйнө - Кыргызстан" коомдук уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, укук коргоочунун арызын кароо талабын кыргыз бийлигине БУУнун адам укуктарынын сакталышы боюнча жыйынында бир нече өлкөнүн өкүлдөрү берген:

- Абалы начарлап кетти. Өзү да туугандарына кат жазып, коштошуп жатыптыр. Ошондон улам биз дагы өкмөткө кайрылып, үй камагына чыгаруусун суранганбыз. Андан тышкары Улуттар уюмунун адам укуктары комитетине бир нече кайрылуу болгон. Жакында эле Женевада өлкөдө адам укуктарын коргоо жаатында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берген кыргызстандык делегацияга да аны бошотуу сунушун айтышкан.

БУУда баяндама жасаган кыргызстандык делегациянын өкүлү, Жогорку соттун судьясы Кенешбек Токтомамбетов Аскаровго Кыргызстандын мыйзамдарына шайкеш өкүм чыгарылганын айтып, Аскаровдун кассациялык арызы жакында карала турганын кошумчалаган эле.

Базар-Коргон райондук соту 17-январда июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун иши боюнча документтерди Жогорку сотко өткөрүп берген.

Былтыр 2-декабрда Жогорку сот Аскаровдун адвокаттарынын кассациялык арызын карап, «Массалык башаламандыкты уюштуруу» беренеси боюнча жаза жылын азайтып, «Улутуна карап киши өлтүрүү» беренесин «Киши өлтүрүүгө» алмаштырган.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген сыяктуу бир нече оор беренелер менен айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG