Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:52

АКШ мамкатчысы Помпео Өзбекстанга барды


АКШнын мамкатчысы Майк Помпео жана Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери. Ташкент. 3-январь, 2020-жыл.
АКШнын мамкатчысы Майк Помпео жана Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери. Ташкент. 3-январь, 2020-жыл.

Кошмо Штаттардын мамкатчысы Майк Помпео Борбор Азияга жана Чыгыш Европага жасаган беш күндүк сапарынын акыркы күнүндө Ташкентке барды.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Помпео менен жолугушкандан кийин анын өкмөтү коңшу Ооганстандагы кырдаалды жөндөө боюнча АКШ менен иштешүүнү улантарын жана башка тармактар боюнча да кызматташууга үмүттөнөрүн айтты.

- Вашингтон Өзбекстанда былтыр дин тутуу, мажбурланган балдар эмгеги, адам укуктары жаатында жетишилген ийгиликтерди жана сөз эркиндигин камсыздоо боюнча түзүлгөн шарттарды тааныды,-деди Камилов.

Ошондой эле Помпео «С5 +1» (Борбор Азиянын беш мамлекети+АКШ) форматындагы жолугушууда Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен сүйлөшүү өткөрдү. Ушул эле күнү АКШ мамкатчысы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугууну көздөп жатат.

Мирзиёев 2016-жылы бийлик башына келгенден бери бир катар реформаларды өткөрүп, жылыштар болуп жатканын байкоочулар белгилеп келишет. Анткен менен айрым эл аралык уюмдар өлкөдө адам укуктары жаатында дагы эле маселелер бар экенин белгилешүүдө.

Помпео буга чейин Казакстанда болуп, президент Касым-Жомарт Токаев жана мурдагы мамлекет башчы Нурсултан Назарбаев менен жолугушкан.

XS
SM
MD
LG