Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:31

Автоунааларды милдеттүү техникалык кароо киргизилиши мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Транспорт жана жолдор министрлиги бардык категориядагы машинелерди милдеттүү түрдө техникалык кароону киргизүүнү сунуш кылып жатат. Бул тууралуу министрликтин 2020–2024–жылдарга карата автомобил транспортун өнүктүрүүнүн концепциясында жазылган.

Ал документте абага чыгуучу кычкыл газдардын деңгээлин азайтуу максатында бардык категориядагы транспорттук каражаттар милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүлүшү керек экендиги жазылган. Документте тийиштүү органдарга анын жоболорун иштеп чыгуу тапшырылган.

Учурда жүргүнчү жана жүк ташуучу машинелер гана техникалык кароодон өтөт. Министрлик жеке менчик транспорт каражаттары эч кандай техникалык текшерүүдөн өткөрүлбөгөндүктөн көпчүлүк автоунаалардын жабдуулары жана түтүн чыгарышы талаптарга жооп бербей жатат деп эсептейт.

Кыргызстанда 2012-жылдан тартып автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык көзөмөлдөн өткөрүү тууралуу талап жокко чыгарылган. Акыркы жылдары Бишкек шаарындагы абанын булганышы көп талкуу жаратууда. Айрым экологдор борбор шаардагы автоунаалардын көпчүлүгү атмосферага зыяндуу калдыктарды нормадан ашык бөлөрүн маалымдашкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG