Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 26-февраль, 2020 Бишкек убактысы 07:40

Үй-бүлөлүк зомбулук үчүн шектүүнү 48 саатка камоочу мыйзам долбоору сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин сайтында «Жазык-процессуалдык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Анда үй-бүлөлүк зомбулук үчүн шектүү жаранды 48 саатка камоо боюнча негиздер так жазылды. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова сунуш кылып жатат. Долбоор үй-бүлөдөгү зомбулукту токтотуш үчүн өкмөт менен чогуу иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорунда милиция кызматкерлеринин арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, анда жаңы кодекске ылайык үй-бүлөлүк зомбулукка карата чара көрүү татаалдашып кеткени аныкталганы жазылган. Жаңы кодекске ылайык үй-бүлөлүк зомбулук көрсөттү деп шек саналган жаранды камакка алуу өзгөчө учурларда гана ишке ашырылат. Ал эми мыйзамда өзгөчө учур так аныкталбай калган.

Изилдөөгө ылайык, зомбулук фактысында коргоо ордери берилгенден кийин да үй-бүлөдө зомбулук улана берген учурлар болгон. Мыйзам долбоорунда Жазык-процессуалдык кодекске үй-бүлөлүк зомбулук кылган киши 48 саатка кармалышы мүмкүн болгон учурлар жазылды. Жазык-процессуалдык кодекстин 504-беренесине өзгөртүү киргизүү жана аны 3-1-беренеси менен толуктоо сунушталат. Башкача айтканда үй-бүлөлүк зомбулук үчүн шектүү киши төмөнкүдөй негиздер менен 48 саатка кармалышы мүмкүн:

1) эгерде жабырлануучунун жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугуна шектүү адам реалдуу коркунуч келтирип жаткан болсо;

2) эгерде шектүү мас абалында болсо, жабырлануучуга жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнө коркунуч келтирип жатса;

3) эгерде шектүү жабырлануучуну жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн кордоону, аларга коркунуч келтирүүнү, уруп-сабоону, шылдыӊдоону, басмырлоону улантат деп болжогонго негиздер бар болсо.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2019-жылдын 8 айында «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен 4265 кылмыш иши катталган. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG