Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 24-февраль, 2020 Бишкек убактысы 21:45

Текебаевдин иши: Маевский боюнча Орусиянын органдарына сурам жөнөтүлдү


Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишине байланыштуу Башкы прокуратура Леонид Маевский жөнүндө Орусиянын тиешелүү органдарына сурам жөнөттү. Бул тууралуу саясатчы Өмүрбек Текебаев «Азаттыктын» 2х1 форматындагы маегинде билдирди. Саясатчы иш атайын создуктурулуп жатканын айтып, бирок ага кызыкчылыгы бар күчтөрдүн атын атаган жок.

- Алтынчы ай кетип жатат, Башкы прокуратура күбө таап алып келе албай жатат. Сот Орусиянын укук коргоо органдарына кайрылуу жөнүндө чечим чыгарды. «Леонид Маевский деген барбы, болсо кайда жашайт?» деген сурам жөнөтүлдү. Эми ага эки айда жооп келет го деп турам. Ушунун баары убакытты создуктуруунун жолу деп ойлойм. Кимде кызыкчылык болуп жатканы убагы келгенде белгилүү болот.

Текебаев менен Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалап келишет.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон. Иш райондук сотто кайра каралууда. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (8)

XS
SM
MD
LG