Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

Текебаев парламенттик шайлоодо президентти колдогондорду ачык айтууга чакырды


«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев алдыдагы парламенттик шайлоодо бийликти өз партиясын ачык жарыялоого чакырды. Бул тууралуу саясатчы «Азаттыктын» 2х1 программасында «Биримдик» партиясы жөнүндө суроолорго жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, бийлик өз партиясын жашыруун жол менен парламентке алып келсе элди сыйлабастык болуп калат.

- Мыйзам боюнча ал (ред: Сооронбай Жээнбеков) партияга мүчө боло албайт. Бирок аны колдогон партия сөзсүз болушу керек. Колдогондор ачык чыгышы керек. Мунун эрөөн-төрөн көрбөшүбүз керек. Мыйзам жана саясат боюнча да укугу бар. Ачык айтпастан кой терисин жамынып келип, парламентке келгенден кийин «колдойбуз» десе биринчиден шайлоочуларына карата сыйлабастык. Сооронбай Жээнбековдун колдоочуларына айтат элем, ачык чыгып колдогула. «Жээнбековду тааныбайм» дегендей түр көрсөтпөгүлө.

Текебаев «Ата Мекен» партиясы алдыдагы парламенттик шайлоого катышарын кошумчалады.

Жакында эле Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар «Биримдик» партиясы менен шайлоого барары кабарланды. Ал бийликтин партиясы катары сыпатталып жатат. Бирок партия өкүлдөрү азырынча тизме түзүлө элек экенин билдиришүүдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG