Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 22-февраль, 2020 Бишкек убактысы 21:21

Замирбек Аскаровдун талапкерлиги ӨКМдин жетекчилигине сунушталууда


Замирбек Аскаров.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бул сунушу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер комитетинин кароосуна жиберилген. Премьер-министрдин маалыматына караганда, Замирбек Аскаров вице-премьер-министрлик кызматынан кетүү тууралуу арызын президенттин атына 3-февралда жазган.

Замирбек Аскаров 2018-жылдан тартып вице-премьер-министр кызматын ээлеп келген. Ага чейин Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп иштеген.

Мурунку өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мырзахметов 23-январда кызматынан бошотулуп, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (17)

XS
SM
MD
LG