Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Вице-премьер-министрликке Эркин Асрандиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү


Эркин Асрандиев.
Эркин Асрандиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер комитетине вице-премьер-министрлик кызматка Эркин Асрандиевдин талапкерлигин карап көрүүнү сунуш кылды. Өкмөт башчы Асрандиев өкмөттүн финансы-экономикалык маселелерине толугу менен жооп берерин, муну менен биринчи вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго жүктөлгөн милдеттердин бир бөлүгү алынарын билдирди.

Анын айтымында, Разаков чек ара маселелерин чечүүгө көңүл бурат, ал эми коңшулар менен экономикалык карым-катыш, алака маселесин, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрү менен мамилени чечүү вице-премьер-министрге, тагыраагы Эркин Асрандиевге жүктөлөт.

Өкмөт башчынын маалыматына караганда, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров 3-февралда кызматынан бошотууну өтүнгөн арыз менен президентке кайрылган. Премьер-министр Аскаровдун талапкерлигин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине сунуш кылган.

Эркин Асрандиев учурда Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун жетектейт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG