Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:06

Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде атайын штаб түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Штаб коронавирустун жайылышына байланыштуу түзүлгөн. Кытайда жүргөн кыргызстандыктардан күнү-түнү телефон аркылуу билдирүүлөрдү жана кайрылууларды кабыл алат. Ошондой эле алардын жакындарына да маалымат берилет.

Тышкы иштер министрлиги Кытайдан Кыргызстандын жарандарын алып чыгуунун түрдүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жатканын билдирди. Буга байланыштуу министрлик Кытайдагы кыргызстандыктардын турган жери тууралуу маалыматты элчиликке берүүнү өтүнгөн.

Мындан тышкары мекеме Кытайдагы жогорку окуу жайларында окуган студенттер арасында ич ара маалымат алмашуу үчүн «WeChat» тармагы түзүлгөнүн, анда Кытайдагы элчиликтин кызматкерлери да бар экени кабарланган.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарын зарылчылык болбосо Кытайга барбай турууга чакырып, ал эми ушул тапта Кытайда жүргөн мекендештерди ооруга чалдыгып калбаш үчүн «эл көп чогулган жерлерге барбоого, жергиликтүү бийликтин жана дарыгерлердин көрсөтмөлөрүн так аткарууга» үндөгөн. (ZKo)

Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин, консулдук кызматтарынын дареги жана байланыш телефондору:

1.Бээжин шаарындагы элчилик. Дареги: H 10/11 King’s Villas № 18, Xiaun Road, Beijing 100016, China,
+86 10 64681297, e-mail: kgembassy.cn@mfa.gov.kg,
+86 132 602 03680; +86 135 819 02801.

2. Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдук. Дареги: Room No. 707, Grand Tower No. 228, Tianhe Road, Guangzhou, 510620, China,
+86 20 38013875, e-mail: kgconsulate-guangzhou@mfa.gov.kg,
+86 139 250 51627, +86 186 660 93015.

3. Үрүмчү шаарындагы виза бекети. Дареги: №876, Davan Bei, Urumqi city, China, 830063, e-mail: kgconsulate.urumchi@mfa.gov.kg,
+86 133 256 29147, +86 185 990 44747.

XS
SM
MD
LG