Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Нарында 9 жаштагы кызды машине коюп кетип каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

3-февралда саат 15:20 чамасында Нарын шаарында жолдон өтүп бараткан кызды «Фольксваген-венто» үлгүсүндөгү автоунаасы сүзгөн. Кыз оор жаракат алып, шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок көп өтпөй кыз набыт болгон. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова маалымдады.

Жыл башынан бери Нарын облусунда сегиз жол кырсыгы катталып, 14 киши жабыркаган. Анын экөө өспүрүм балдар. Киши өлүмү алгачкы жолу катталууда. (MiK/ZKo)

XS
SM
MD
LG