Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 26-февраль, 2020 Бишкек убактысы 07:29

Футзал боюнча Азия чемпионаты коронавируска байланыштуу жылдырылды


Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы.

Февраль айынын аягында Түркмөнстанда өтө турган футзал боюнча Азия чемпионаты белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы маалымдады.

Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүнө Кыргызстан да жолдомо алган. Кыргыз футзалчылары «В» тайпасында Кувейт, Ливан жана Жапония менен ойнойт.

Чемпионат Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында 26-февралда башталып, 8-мартта жыйынтыкталмак. Жалпысынан чемпионатка 16 өлкө катышат. Алардын арасында коркунучтуу вирус каптап жаткан Кытай да бар. (SDz)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG