Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Кытай коронавируска каршы күрөштө алсыздыгын мойнуна алды


Ухандагы оорукана. 4-февраль, 2020-жыл.
Ухандагы оорукана. 4-февраль, 2020-жыл.

Кытай бийлиги коронавируска каршы күрөштө «айрым кемчиликтер» жоюлбай жатканын мойнуна алды. 4-февралда өлкөнүн Саламаттык сактоо комиссиясы вирустан 425 киши өлгөнүн, ооруну жугузуп алгандардын саны 20 миңден ашканын билдирди. Акыркы күнү бир суткада вирустан көз жумгандардын саны 64 адамга жеткени дайын болду.

Ал арада Гонконгдо коронавирустан бир киши көз жумду. Маркум январдын орто ченинде вирустун очогу Уханга барып келгени аныкталган.

Ушундан улам Кытай Коммунисттик партиясынын саясий бюросу кырдаалды талкуулаш үчүн дүйшөмбү күнү чукул жыйынга чогулду. Компартия аткаруу бийлигин өлкөнүн чукул кырдаалдар системасын мындан да жакшыртууга, жапайы жандыктарды саткан мыйзамсыз базарларга тыюу салууга чакырды. Медициналык каражаттар жана беткаптар менен элди үзгүлтүксүз камсыздоо маанилүү экени эскертилди.

Эпидемия 2019-жылдын декабрында Ухандагы жапайы жандыктарды саткан базардан тараган деген божомол бар.

Кытайдан тышкары 23 өлкөдө 150дөй адам вирусту жугузуп алганы кабарланууда.

Өткөн жумада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул илдетке байланыштуу глобалдык чукул кырдаал жарыялаган. Бир нече өлкөлөр Кытай менен темир жол жана аба жол каттамдарын токтотуп жатышат. Кыргызстан Кытайдан 18 жаранын өткөн аптада алып келген. Расмий маалыматка караганда, алар азыр карантинге алынган.

XS
SM
MD
LG