Ош аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү катары иш алып барууга «Биримдик», Кыргыз либерал-демократиялык партиясы, «Бир Бол» партиялары талапкерлерин сунуш кылышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Борбордук шайлоо комиссиясынын Ош облусу боюнча өкүлү Расулбек Кадыров билдирди. Анын айтымында, комиссияга мүчөлөрдү сунуштоо боюнча убакыт аягына чыкты.
«Бизге КЛДП, «Биримдик» жана «Бир Бол» партиялары шайлоо комиссиясына мүчө катары документ берди. Төртүнчү партияны азыр тактап атабыз. Бул эми шайлоо комиссиянын курамына сунуштар болду. Кимиси комиссияга кирүүгө укуктуу, кимисинин укугу жок экенин бүгүн-эртең текшеребиз», - деди Кадыров.
2020-жылы 12-апрелде Ош, Токмок, Каракол, Балыкчы, Майлы-Суу жана башка бир нече шаарда жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөрү кабарланган. БШК добуш берүүнүн алдында аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өкүлдөрдү көрсөтүүнү сунуш кылган. (DU)