Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Кадыровду сындаган чечен блогер Францияда өлтүрүлдү


Маркум Имран Алиев.
Маркум Имран Алиев.

Белгияда жашап жүргөн чеченстандык блогер Имран Алиевдин сөөгү 30-январда Франциядагы мейманканалардын биринен табылды. Ал бир нече жолу бычакталган. Имран Алиев Интернетте «Старый Мансур» деген псевдоним менен белгилүү болчу.

Жергиликтүү полиция Алиевдин өлүмүнүн чоо-жайын иликтеп жатат. Бирок азырынча кылмышкерлер табыла элек.

44 жаштагы Имран Алиев Кремлдин сүймөнчүгү, Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровду өзүнүн «YouTube» каналы аркылуу такай сындап келген.

Алиев - Европа өлкөлөрүндө өлтүрүлгөн алгачкы чечен эмес. Былтыр Берлинде чечен жоочуларынын жоокери, грузиялык Зелимхан Хангошвили атып өлтүрүлгөн. Германиянын полициясы бул окуяга байланыштуу бир кишини кармап, Орусиянын эки дипломатын өлкөдөн чыгарган. Бирок Москва ал кылмышка бийликтин катышы жок экенин жарыялап, «Германиянын дооматтары суу кечпейт» деп билдирген.

Укук коргоочулар Чеченстанды 2007-жылдан бери башкарып келе жаткан Рамзан Кадыровду «өз режимин сактап калыш үчүн адам уурдоо, сотсуз жазалоо, дайынсыз жоготуу жана кол салуу уюштурат» деп айыптап келатышат.

XS
SM
MD
LG