Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, өсмө дарты азыркыдай ыргакта жайыла берсе, алдыңкы 20 жылда илдет 60% өсүшү ыктымал. Андан жабыркагандардын басымдуусу жакыр өлкөлөргө туура келет.
4-февралда дүйнөдө рак дартына каршы күрөшүү күнү белгиленүүдө. 2000-жылы бул күнү онкологиялык ооруларга каршы "Париж хартиясы" кабыл алынган. Эл аралык уюм бул ирет жакыр жана өнүгүп келаткан өлкөлөргө ракка чалдыккан адамдарга медициналык кызмат көргөзүүдө жардам берүү зарылдыгына көңүл бурат.
Рак адамды өлүмгө жеткирген оорулардын сап башында турат. 2018-жылы дүйнөдө 9,6 миллион киши онкологиялык илдеттен көз жумган. Эң көп өпкө, эмчек рагы катталат. Дарттын өрчүшүнүн негизги факторлорунун арасында туура эмес тамактануу, тамеки тартуу, күнгө күйүү аталат.
Адистер ар бир кишини догдурга көрүнүп турууга, ооруну көзөмөлгө алууга, эффективдүү дары-дармек чыгаруу үчүн илимий изилдөөлөрдү көбөйтүүгө чакырып келишет.