Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:37

Ооган журналисттери биригип, бийликтен ачыктыкты талап кылышты


Ооганстандагы басма сөз жыйындарынын бири.
Ооганстандагы басма сөз жыйындарынын бири.

4-февралда Ооганстандагы 30 маалымат агенттиги биригип, «сөз эркиндигин басмырлап жатат» деп, бийликти айыптады.

Алар бардык мамлекеттик мекемелер маалымат берүүгө келгенде өздөрүнөн жогорку мекемелердин атын айтып кутулууну адат кылып алышканына нааразы болуп жатышат.

Ооганстандын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла журналисттердин талаптарын туура деп баалап, ооган өкмөтүн жана коомчулукту журналисттерди чечкиндүү колдоого чакырды.

Ооган журналисттеринин бул нааразылыгын аймакта сөз эркиндигине көз салып отурган бир нече Батыш өлкөлөрүнүн өкүлчүлүктөрү колдоп, «маалыматтын ачыктыгы демократияны бекемдейт» деген билдирүүлөрдү жасашты.

XS
SM
MD
LG