Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 27-февраль, 2020 Бишкек убактысы 10:12

Ишкер Салымбеков Кытайга 50 миң беткап жөнөтөт


Аскар Салымбеков.

«Дордой» ассоциациясынын негиздөөчүсү, белгилүү ишкер Аскар Салымбеков Кытай элине жардам берүү максатында 50 миң медициналык беткап жөнөтөрүн билдирди. Ал медициналык каражаттарды өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу жөнөтөт.

Салымбеков «биздин коңшу Кытай элинин башына оор иш түшүп турганда ар кандай ушактарга жол бербей, достук мамилени көрсөтүү менен сабырдуулукка чакырам», деп жазды «Фейсбуктагы» баракчасына.

Буга чейин кыргыз өкмөтү Кытайдагы вируска байланыштуу абалды жөнгө салыш үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр экенин маалымдаган.

Социалдык тармактарда ишкердин Кытайга жардам берүү ниетин сындагандар бар. Алар Кыргызстандын өзүндө медициналык беткап жетишпей жатканын айтып жатышат. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (8)

XS
SM
MD
LG