Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 24-февраль, 2020 Бишкек убактысы 19:55

Кыргызстан коронавирусту аныктоочу реагенттерди алып келди


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга Орусиядан адамдагы вирусту тез арада аныктоочу реагенттер алып келинди. Ал каражаттар 500 жолу вирусту аныктоого жетет. Өлкөдө бул медициналык каражатка тартыштык жок. Учурда Кытайдан келген бардык жарандар текшерүүдөн өтүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен коркунучтуу оорунун белгилери бар адамдар каттала элек.

4-февралда Кытайдын Саламаттык сактоо комиссиясы вирустан 425 киши өлгөнүн, ооруну жугузуп алгандардын саны 20 миңден ашканын билдирди. Акыркы күнү бир суткада вирустан көз жумгандардын саны 64 адамга жеткени дайын болду. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG