Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) толук мүчө болгондон бери экономикада жакшы тенденция байкалууда. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 5-февралда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып айтты:
«2019-жылдын жыйынтыгы менен биздин бюджет жалпысынан 17,1 миллиард сом алды. Бул 2018-жылга салыштырганда 5,7% көп. Ошондой эле Кыргызстандын ветеринардык системасы жалпы рынокто эквиваленттүү деп табылып, мал чарба азыктарын сатууга уруксат алды. Мигранттар социалдык коргоого ээ болууда. Бирок бир топ маселелер дагы эле чечиле элек».
ЕАЭБ алгач Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылдан кийин бул уюмга Армения жана Кыргызстан кошулуп, ал азыркы аталышына ээ болгон.
Бажы тармагынан түшкөн акча борборлоштурулуп чогултулгандан кийин бөлүштүрүлөт. Кыргызстандын үлүшү 1,9% түзөт.
Бир катар жергиликтүү эксперттер Кыргызстан тариф жеңилдиктеринен пайдалана албаганын, салык иретинде түшкөн каражаттын азайышын жана биримдиктин жалпы рыногуна кирүүдө кыйынчылыктар көп болгонун айтып жүрүшөт.
Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жакында ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн экономикасы оңолуп жатканын айткан.
ЕАЭБге мүчө болгондо өкмөт Кыргызстан жумушчу күчүнүн, кызматтардын, финансы каражаттарынын жана товарлардын ээн-эркин жүрүү укугуна ээ болоруна убада берген. (RK)