Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:55

УКМК Атамбаевди колдоп чыккан адвокаттын айткандарын төгүндөдү


УКМК.
УКМК.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кой-Таш окуясын иликтеген комиссияны сындап чыккан адвокаттын айткандарын четке кагууда.

5-февралда атайын кызмат билдирүү таратып, адвокат Жамангул Жунусов «коомчулукту адаштырууга, мамлекет жетекчилигинин жана укук коргоо органдарынын ишин каралоого, Кой-Таш окуясын тергөөнүн жыйынтыгын саясатташтырууга, Алмазбек Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын мыйзамсыз иштерин актоого аракет кылып жатат» деген пикирин жарыялады.

УКМК тергөө тобунун жетекчиси Аширходжаевдин мурдагы президент Атамбаевди суракка мажбурлап алып келүү тууралуу токтому мыйзамдуу болгон жана президент Жээнбеков Конституция менен Жазык-процессуалдык кодексти одоно бузганы тууралуу маалымат чындыка дал келбейт деп эсептейт.

2019-жылы 7-8-августта УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөй киши жабыркаган.

Кийин бул окуянын иликтөө максатында коомдук комиссия түзүлгөн. Быйыл 3-февралда анын мүчөсү, адвокат Жамангул Жунусов комиссия бир жактуу иштегендиктен, анын курамынан чыгып кеткенин «Азаттыкка» билдирген.

Ал Атамбаев мыйзамсыз кармалып турат, ал эми президент Сооронбай Жээнбеков Кой-Таш окуясына кийлигишүү менен кызматынан аша чаап, мыйзамсыз ишке барды деп эсептей турганын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG