6-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;
Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;
Баткенде түнкүсүн -4…+1, күндүз 7…12;
Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7;
Нарында түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-9;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -3…-8 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 6...8 градус болот.