Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 25-февраль, 2020 Бишкек убактысы 09:15

Казакстанда өрттөн набыт болгон беш эже-сиңди эскерилди


5-февралда Нур-Султан шаарында көп балалуу энелер былтыр өрттөн набыт болгон беш эже-сиңдини эскерип куран окутушту. Чогулган 100дөй адамдын арасында акимчилик өкүлдөрү да болду.

«Былтыр чоң кайгы болду. Аны унутууга акыбыз жок. Ошондуктан чыдай албай, энелер чогулуп, чын ыкластан куран багыштайлы деп ниет кылдык. Айтууга уяттыр, бирок бул окуядан кийин эл ойгонуп, укуктарын талап кыла баштады. Жардам акыга, коомдук көмөккө кол жетти», - деди уюштуруучулардын бири Айжамал Сареева.

Былтыр 4-февралга оогон түнү казак баш калаасынын четиндеги конуштагы үйдөн өрт чыгып, бир үй-бүлөнүн беш кызы мерт болгон. Бул учурда кыздардын ата-энеси түнкү нөөмөттө жумушта болушкан. Ушул окуядан соң Казакстанда көп балалуу энелер жөлөкпул аз экенин, социалдык батирлер берилбей жатканын айтышып, тынбай нааразылык жыйындарын өткөрүшкөн.

Казакстандагы ошол каргаша бир жылдан кийин да кайталанды. 3-февралда Алматыга жакын айылдагы өрттүн айынан үч жана төрт жаштагы эки бала чарчап калды. Ал күнү балдардын атасы жумуш издеп шаарга, энеси уул-кызын сыртынан кулпулап дүкөнгө кеткен.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG