Тогуз-Торо районундагы Макмал алтын комбинатына 31-январь күнү келген 10 кытайлык жаран Бишкек шаарындагы республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасына жаткырылды. Мындай маалымат 5-февралда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында өткөн жыйында айтылды.
«Тогуз-Тородо коронавируска байланыштуу түзүлгөн атайын штаб кытай жарандарын текшерип-кароого аймакта шарт жок экенин билдирип, Бишкектеги аэропорттон келген автоунаадан түшүрбөй, кайра артка жөнөткөн. Учурда Кытай Эл Республикасынан келген 10 студент үй шартында дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Ноокен районундагы «Маданият» чек ара өткөрмө бекетиндеги текшерүүдө дене табы жогору болгон өзбек жараны артка кайтарылган. Учурда аймакта коронавируска каршы бардык аракеттер көрүлүп жатат», деп айтылат маалыматта.
Жалал-Абад облусунда Өзбекстан менен чектеш «Баймак» жана «Маданият» чек ара бекеттеринен Кыргызстанга жакынкы он күн ичинде 16700дөн ашык адам кирген. Бекеттерде санитардык-карантиндик посттор уюштурулуп, таңкы 8ден кечки 10го чейин дарыгерлер иштеп жатышат.
Өпкөнү сезгентүүчү жаңы вирустун очогу Кытайдын Ухань шаары деп эсептелүүдө. Акыркы маалыматка караганда коронавирустан 490 адам көз жумду, ооруп жаткандардын саны 23 миң 600 адамдын тегерегинде. (RsK)