5-февралда Түркиянын армиясы Сирия менен чек ара аймагына кошумча бөлүктөрдү жана техниканы жайгаштырды.
3-февралда Сириянын президенти Башар Асаддын күчтөрү өлкөнүн түндүк-батышындагы Идлиб аймагына сокку урганда түркиялык жети аскер жана келишим менен иштеген бир киши окко учкан. 13ү жарадар болгон.
Чабуулга жооп иретинде Түркия кошуна өлкөдөгү 50дөн ашуун бутага сокку урганда сириялык 76 жоокер мерт болду.
Идлиб - Асаддын өкмөтүнө каршы күрөшкөн козголоңчулардын акыркы таянычы. 2018-жылы Москва менен Анкара аймакты деэскалация тилкесине айлантууну макулдашкан. Бирок Түркия Сирия режими жана анын өнөктөшү Орусия келишимди бузуп жатканын билдирүүдө.
Сириялык төрт миллиондой качкын ушу тапта Түркияда баш калкалайт.