Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Кытай менен чек арадагы чектөө абалга жараша чечилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Кытай менен чек арасын ача элек. Шаршембиге караган түнү соода менен алектенип, Кытай тарапка кеткен кыргызстандыктар “Торугарттан” өткөрүлдү. Алар кылдат текшерүүдөн өтүүдө.

Коронавируска байланыштуу абал боюнча маселе 5-февралда парламентте да көтөрүлдү.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев чек ара качан ачылары белгисиз экенин айтты. Кытайлык дипломаттар тоскоолдуксуз өтүп жатканын билдирди:

- Оорунун өнүгүшү кандай болот… Дарылануу методдору чыкса коркунуч азаят. Ошого жараша кылабыз. Бирок өзүбүздүн жарандарды алып келүү боюнча жолду жапкан жокпуз. Башка өлкөнүн жарандарын дипломаттык корпуста иштегендер болсо аларды кое берип жатабыз.

Өпкөнү сезгентүүчү жаңы вирустун очогу Кытайдын Ухань шаары деп эсептелүүдө. Акыркы маалыматка караганда коронавирустан 490 адам көз жумду, ооруп жаткандардын саны 23 миң 600 адамдын тегерегинде.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстан Кытай менен чек арадагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" бекеттерин жапкан. (RK)

XS
SM
MD
LG