Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:30

УКМК: Сириядан кайтып келген террордук топтун мүчөсү кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2019-жылдын аягында эл аралык террористтик уюмдун катарына өтүү үчүн Сирияга кетип кайра кайтып келген 24 жаштагы кыргыз жараны кармалганын маалымдады.

Атайын кызматтын маалыматында, шектүү эл аралык террористтик топтун тапшырмасы менен Кыргызстанда радикализмди жайылтуу үчүн келген.

Бул факт сотко чейинки өндүрүштүк материалдын негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалган адам УКМКнын тергөө жайына киргизилди. Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG