Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Бердымухамедов жаңы шаар курууга 1,5 млрд. доллар бөлүүнү буюрду


Гурбангулы Бердымухамедов
Гурбангулы Бердымухамедов

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жаңы шаардын курулушу үчүн чет өлкөдөн жабдыктарды жана материалдарды сатып алууга 1,5 миллиард доллар бөлүүнү буюрду. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлап жатышат.

Азырынча ат коюла элек шаар өлкө түштүгүндөгү Ахал вилаетине курулары күтүлүүдө. Өткөн жылдын июнь айынан бери бул вилаетти президенттин уулу, 38 жаштагы Сердар Бердымухамедов жетектеп келет. Аны айрым талдоочулар президент Бердымухамедовдун мураскери болот деп болжолдошот.

Бул жаңы чечим өкмөт импортту чектеп, өлкө чет элдик валютага тукулжурап, түркмөн газына баа арзандап турган учурда кабыл алынууда.

62 жаштагы Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстанды 2006-жылдан бери башкарып келет. Эл аралык укук коргоочулар ал бийликке каяша айткандарды куугунтуктоону, өлкөсүндө жеке адамдын керт башына сыйынуучулукту күчөттү деп билдирип келет.

Түркмөнстан сөз эркиндиги, диний эркиндик, коррупцияга каршы күрөш көрсөткүчтөрү боюнча акыркы саптардагы дүйнө өлкөлөрүнө кирет.

XS
SM
MD
LG