Түндүк Македониянын президенти Стево Пендаровски өлкөнүн НАТОго кирүүсүнө жол ачкан жараян мартка чейин аяктап калат деп ишенерин билдирди.
Пендаровски Польшадагы сапары учурунда белгилегендей, иш өз жолу менен кетсе, 10-марттын айланасында жараян аягына чыгышы керек.
Мурдагы Югославиянын бир жумурияты - НАТОнун дагы бир мүчөсү болуп калмакчы. Тиешелүү протоколго былтыр февралда кол коюлган.
Кошуна Греция менен талаштан улам өлкө аталышын Македониядан Түндүк Македония кылып өзгөрткөн. Блокко кирген 28 мүчө мамлекеттин арасынан Испания гана тиешелүү документти ратификациялай элек.