Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Мугалимдердин эмгек акысы жаңы система менен эсептелет


Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнү автоматташтырууга өткөрүү үчүн райондук жана шаардык билим берүү мекемелеринин бухгалтерия кызматкерлери окуудан өтүп жатат. Бул тууралуу Билим жана илим министрлигинен кабарлашты.

Жаңы система - эмгек акыны кол менен эсептөөнү токтотуп, финансылык тартипти бузуу көрүнүшүн азайтат. Министрлик бухгалтердик эсепти так жүргүзүүгө жана негизсиз маяна алып жүргөндөрдү ачыкка чыгарууга жол ачарын белгиледи. Башкача айтканда, мугалим мындан ары эмгегине жараша маяна алат. (TSh)

XS
SM
MD
LG