Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:58

Президент бир катар жетекчилерге эскертүү берди


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 24-январдагы чечиминде көрсөтүлгөн сунуштарга ылайык, мамлекеттик органдардын бир катар жетекчилерин тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө буйруктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин сайты жазды.

2018-жылдын 14-декабрындагы «Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» чечимин аткарууда жетишсиз иш алып барганы үчүн Эсеп палатасынын төрагасы Улугбек Марипов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов, Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов, Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучусу Бакытбек Сагынбаев эскертүү түрүндө тартип жоопкерчилигине тартылды. Буга чейин өкмөт башчы бир катар министрлерге сөгүш жарыялаган.

XS
SM
MD
LG