Саламаттык сактоо министрлиги «Баткенде «коронавирус жугузду» деген шек менен эки адам ооруканага жаткырылды» деген маалыматты четке кагууда.
Мекеменин басма сөз кызматы 6-февралда тараткан билдирүүгө караганда, бүгүнкү күндө коронавирус тастыкталган учур Кыргызстанда катталган жок, эпидемиологиялык абал туруктуу.
«Алар Кытайдан Тажикстан аркылуу келгендиктен санитардык-карантиндик пунктунун кызматкерлери андан ары текшерүүгө алып кетишкен. Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык. Вирусологиялык изилдөөгө анализдери алынды. Андан ары байкоо анализдердин жыйынтыгына жараша болот» деп билдирди министрлик.
Өпкөнү сезгентүүчү жаңы вирустун очогу Кытайдын Ухань шаары деп эсептелүүдө. Акыркы маалыматка караганда, коронавирустан 549 адам көз жумду. (RK)