Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Депутат: Акча төлөп, каалаган кишинин жеке маалыматын билсе болот экен


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Кыргызстанда акча төлөп, каалаган адамдын жеке маалыматын билсе болот деп эсептейт. 6-февралда парламентте сүйлөп жатып ал Мамлекеттик каттоо кызматын, Мамлекеттик салык кызматын, Социалдык фондду жана уюк байланыш операторлорун «коррупциялык схема түзүп алышкан» деп айыптады.

Депутат жеке нотариуска өзү кирип, акча төлөп, сураган маалыматынын баарын алганын айтып, кагаздарды көрсөттү:

«7 миң сом төлөп, телефон номурун берсеңиз, сизге бир ай ичинде кимдер менен сүйлөшкөнүн, кайсы жерде жүргөнүн мына минтип чыгарып берет. Ачык-айкын реклама жүрөт. 7-8 миң сом төлөп, автоунаанын номурун берсеңиз анын ээси, айып пулдары, канча баласы, алар каерде жүрөт, чет өлкөгө чыгышы тууралуу баарын айтып берет экен».

Маматалиев өкмөт 1-февралга чейин жарандардын жеке маалыматынын купуялыгын коргой турган орган түзүүгө убада бергенин, бирок ал ишке аша элек экенин айтып, эгер түзүлө турган болсо ал мамлекеттик орган парламенттин карамагында болушу зарыл экенин белгиледи.

Депутаттын билдирүүсүнө байланыштуу «Азаттык» Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылды.

Тиешелүү суроолорго Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Асел Кененбаева жооп берди.

Ал жеке маалыматы башка колго өткөнү тууралуу жарандардан арыз келип түшпөгөнүн, депутаттын айткандарын жеринен текшерүү керек экенин белгиледи:

«Мамлекеттик жана жеке нотариустарга (баарына эмес, келишимге кол койгондоруна) паспорттун мөөнөтү бүтө элекпи - ошону гана билүү укугу берилген. Үй-бүлөсү, балдары тууралуу жана башка маалыматтарды алар көрө албайт. Андай маалыматты «Түндүк» системасы аркылуу тийиштүү мамлекттик органдар өз функциясын аткарыш үчүн гана, келишимдик негизде ала алышат. Маалыматты бере турган биздин ар бир кызматкер УКМКдан атайын текшерүүдөн өтөт, окуудан өтүп турат. Алар баары көзөмөлдө, эгер базага жөн гана кирсе да көрүнүп турат. Жоопкерчилиги каралган».

Кыргызстанда жарандарга биометрикалык паспорт 2017-жылы бериле баштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG