Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:04

Ат-Башыда логистикалык борборго каршы митинг уланууда


«Ат-Башы» индустриялык соода логистикалык борборунун долбоору.
«Ат-Башы» индустриялык соода логистикалык борборунун долбоору.

Ат-Башыда логистикалык борборго байланыштуу кайрадан митинг өтүп жатат. Активисттер акция башталганда түшкө маал ал жерде 500дөй адам чогулуп турганын айтышкан.

Саат 17:30да «Азаттык» Нарын облустук администрациясынын басма сөз катчысы Назгүл Мүсүралиева менен байланышканда ал митинг дагы эле уланып жатканын айтты.

«Азыр Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн Калинин айылында тынч митинг өтүп жатат. Ага башка айылдардан да тургундар келген. Район акими Жакыпбек Субакожоевдин айтымында, 120дай киши бар. Алар логистикалык борборду кытай инвестору эмес, башкалар салсын деген талап коюуда», - деди Мүсүралиева.

Митингге катышкан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү долбоорду кытай инвестору ишке ашырса кыргыз тарап үчүн эч кандай коркунуч болбой турганын белгилешкен.

Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта борбор куруу долбоорун ишке ашыруучу «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ишканасына кытайлык Лю Ин жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров ээлик кылат. Кыргыз ишкеринин айтымында, логистикалык борборду салыш үчүн Лю Ин 280 миллион доллар каражатты түз инвестиция кылат. Башкача айтканда, мамлекеттен эч кандай кепилдик келишимдери жок.

Курулушка каршы болгондор логистикалык борбор үчүн ижарага берилген жер кийин Кытайга өтүп кетет деп чочулашат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Ат-Башыда логистикалык борбор салууга жергиликтүү эл каршы эмес, социалдык тармактардагы 20-30 киши элдин баарын дүрбөтүп, коомдо пикир пайда кылайын деген ойдо» деп 5-февралда билдирген. Митингде сүйлөгөндөрдүн айрымдары анын бул сөзүнө нааразылыгын билдиришти.

Жыл башынан бери Нарында жаңы курулушка каршы бир нече жыйын, митинг өттү. (MiK)

XS
SM
MD
LG