Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Башкы прокуратура: Садыр Жапаров жатак абакка да, мөөнөтүнөн мурда да бошотулбайт


Садыр Жапаров. 2017-жыл.
Садыр Жапаров. 2017-жыл.

Саясатчы Садыр Жапаровду жатак абакка которууга же жазасын өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга болбойт. Бул тууралуу 6-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү прокуратуранын прокурору Абай Молдокматовдун айтымында, Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-октябрында аяктайт:

- Жазык жана Жазык-аткаруу кодекстеринин 2017-жылдагы редакциясына ылайык соттолгон Садыр Жапаровду жатак абакка которууга же жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга болбойт. Жогоруда аталган кодекстерде жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адамга колдонулбайт жана уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында кылмыш кылып соттолгондор жатак абакка которулбай тургандыгы көрсөтүлгөн.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган.

2019-жылы саясатчынын ишин караган Жогорку сот аны он жылга кескен.

2019-жылы ноябрь айында Садыр Жапаров президенттен ырайым сураган. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков журналисттер үчүн уюштурулган декабрдагы басма сөз жыйынында Жапаровдун арызы каралып жатканын жана мыйзам боюнча чечилиши керек экенин айткан.

Жапаров 2020-жылы 6-февралдан тартып жатак абакка которулушу керек экенин анын адвокаты Шарабидин Токтосунов «Азаттык» үналгысына 5-январда кабарлаган. Ал Жапаровду жатак абакка которуу тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын чечимин да жарыялаган. Адвокат аталган мекемени «мурдагы чечиминен баш тартып, мыйзамды туура эмес чечмелеп жатат» деп сындаган. (RK)

XS
SM
MD
LG