Быйылкы жылдын 1-январынан тартып ушул күнгө чейин Токмок шаарында 3000 киши каттого турду. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
«Азаттыкка» кайрылган жергиликтүү тургундар бул көрүнүштү 12-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңешке шайлоого даярдык менен байланыштырып жатышат.
Токмок шаарында шайлоочулардын жалпы саны 28 499 киши.
2016-жылы шаардын жергиликтүү кеңешине шайлоо өтүп, ага катышкан 11 партиянын төртөө жеңишке жеткен.
Каттоого турууну каалагандардын саны чукул көбөйгөн көрүнүш учурда Каракол жана Ош шаарларында байкалып жактанын жергиликтүү тургундар буга чейин «Азаттыкка» билдиришкен. (GT)