Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 26-февраль, 2020 Бишкек убактысы 06:27

Жээнбеков: Сугат жерлер өздөштүрүлүп, 245 миң иш орду түзүлөт


Сооронбай Жээнбеков. 6-февраль, 2020-жыл.

Келерки алты жылда Кыргызстанда жаңы сугат жерлер өздөштүрүлүп, 245 миң жумуш орду түзүлөт. Бул тууралуу 6-февралда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы иш сапарынын алкагында Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушууда айтты.

Президенттин басма сөз кызматы белгилегендей, Жээнбеков улуттук долбоорлор, өзгөчө сугат объектилерин жакшыртуу жана калкты таза суу менен камсыз кылуу тууралуу кеңири айтып берди.

Мамлекет башчынын айтымында, ирригация боюнча программаны ишке ашыруунун алкагында 2017-2026-жылдарда 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлүп, 50 миӊ гектар жердин суу менен камсыздалышы оңолот.

«51 миӊ гектар жердин мелиоративдүүлүгү жакшырат жана 9,5 миӊ гектар жер насостук сугаруудан өз нугу менен сугарууга өтүп, кошумча 245 миӊ жумуш орду түзүлөт», - деп билдирди Жээнбеков.

Буга дейре 2018-жылга чейинки өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча стратегияда жыл сайын 50 миң гектарга жакын жерди суу менен камсыз кылууга убада берилип, бирок аткарылбаганы сынга кабылган.

Февралдын башында Улуттук статистика комитети акыркы жылдары Кыргызстандын айыл чарба тармагында жылыш болбогонун, тескерисинче тармак кедерине кеткенин билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, 2014-жылы айыл чарбасынын ички дүң өнүмдөгү үлүшү 14,7% болчу. 2018-жылы бул көрсөткүч 11,7% чейин кемиди.

2018-жылы өсүмдүк өстүрүүнүн көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 108,2 миллиард сомдон 100,5 миллиард сомго чейин же 7,7% азайган. Анын ичинен картөшкө өндүрүү 29%, жашылча 17,8%, бакча жемиштерин өндүрүү 6,1% жана жүзүм өндүрүү 8,8% азайган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (23)

XS
SM
MD
LG