Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:05

Түркия Москваны Идлибдеги чабуулдарды токтотууга чакырды


Сириянын Идлиб аймагы. 30-январь, 2020-жыл.
Сириянын Идлиб аймагы. 30-январь, 2020-жыл.

Түркия Орусияны Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн Идлиб провинциясындагы чабуулдарын тез арада токтотууга чакырды. Бул тууралуу түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 6-февралда Баку шаарынан билдирди.

Ал Анкара Сириядагы көтөрүлүшчүлөрдүн акыркы таянычы саналган Идлибдеги кырдаалды жөнгө салыш үчүн Москва менен бирге иштеши керек экенин белгиледи.

Апта башында түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган эгер Сириянын президентинин күчтөрү ушул айдын аягына чейин Идлибден чыгып кетпесе, түрк армиясы аларды аймактан күч менен сүрүп чыгарарын эскерткен.

Ал арада Орусиянын тышкы иштер министрлиги Идлибдеги деэскалация аймагындагы согушкерлердин чабуулунан түрк-орус армияларынын адистери каза тапканын кабарлады. Министрлик орус тарап Сириядагы кырдаал боюнча Түркия жана Иран менен жакындан байланышта экенин кошумчалады.

Идлиб тогуз жылдан бери Сириянын президенти Башар Асаддын режимине каршылык көрсөтүп келген көтөрүлүшчүлөрдүн акыркы чордону катары саналып келет. Асаддын күчтөрү көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн аймактарды тартып алууну көздөгөн жаңы чабуулун 19-декабрда баштаган.

XS
SM
MD
LG