Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

Бакиев Акаевге көңүл айтты


Курманбек Бакиев. Архивдик сүрөт.
Курманбек Бакиев. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев биринчи президент Аскар Акаевге уулу Айдар каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты.

Бакиевдин тарапташтары анын атынан тараткан кайрылууда:

«Айдардын дүйнөдөн мезгилсиз өткөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсү менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Аскар Акаевич, Майрам Дүйшөновна, сабыр тилейм. Айдардын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Жараткан жар болуп, жанын жанатта кылсын! Терең кайгыруу менен, Бакиев Курманбек Салиевич», деп айтылат.

Аскар Акаевдин уулу жана иниси удаа каза болгону 6-февралда белгилүү болду.

Уулу Айдар Акаев 5-февралда түштөн кийин Москвада көз жумду. Айрым маалыматтарга караганда, анын жүрөгү токтоп калган.

5-февралда улуу агасы Чилтен Акаевдин уулу Кубан Акаев да каза болуп, Кеминде жерге берилгени да маалым болду.

Айдар Акаев 44 жашта болчу. 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Артында эки уул, бир кызы калды.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылы башкарган. 2005-жылкы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен.

Анын ордуна бийликке келген Курманбек Бакиев 2010-жылкы апрель окуясында бийликтен кулатылып, соңунан үй-бүлөсү менен Беларуска кеткен. Апрель окуясында сексенден ашык адам мерт болгон. (LzT/RK)

XS
SM
MD
LG